НТС

Катар элчилиги 81 кыргызстандыкка акысыз жүрөк операциясын жасоону каржылайт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Абдулла Ас-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Катар элчилиги менен Катардын кайрымдуулук фондунун көмөгү аркылуу кыргызстандык жүрөк оорулуу 81 бейтапка акысыз операция жасоо макулдашылды.

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана орган трансплантациясы улуттук илим изилдөө институтунун директору Жамал Аширов «Азаттыкка» азыркы тапта бул операцияларды кандай тартипте, кайсы оорулууларга жасаш керек экендигине байланыштуу сүйлөшүүлөр башталганын кабарлады.

Катар өкмөтү Кыргызстандын саламаттык тармагына пандемия маалында 50 миң долларлык жардам көрсөтүп, 420 кычкылтек концентраторун берген. Бир катар ооруканалардын курулуш иштерине көмөк көрсөтүп, алыскы аймактардагы фелдшерлик-акушердик пункттардын курулушун каржылап келет.