110 км/с ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилген жолдор (видео)

8250

Кыргызстандагы жолдор унаалардын саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүсүнө азырынча даяр эмес. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы билдирди. Мындай ылдамдыкты жолдордун четинде жана ортосунда тосмолор орнотулуп, коопсуз аймактар аныкталгандан кийин гана киргизүү зарыл. Болбосо жол кырсыктары көбөйүп кетиши ыктымал, деп эксперттер чочулашууда.

Эске салсак, жол кыймылына киргизилген жаңы эреже иштеп баштаган. Ага ылайык, өлкө ичиндеги эл аралык маанидеги айрым жолдордо унааны саатына 110 чакырымдагы ылдамдыкта айдоого болот.