НТС

Катуу айдагандар 8 миң сом айып пул төлөйт (видео)

Эми мас абалында унааны башкаргандар 50 мин сом айып пул төлөп, эки жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ошондой эле, ылдамдыкты нормадан жогорулаткандарга 8 миң сомго чейин айып пул салынат. Андан тышкары, жол сакчылары эреже бузгандардан айдоочулук күбөлүктү алганды токтотот. Анын ордуна планшет аркылуу электрондук протокол толтурулат. Эгерде айдоочу айып пулду эрте төлөй турган болсо, анын көлөмү 50 пайызга чейин кыскартылат. Ал эми бир жыл ичинде үч ирет эреже бузгандар кайра окууга жөнөтүлөт. Административдик жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.