НТС

Казакстан чек араларына койгон бардык чектөөлөрдү алды (видео)

Казакстан өз жарандары жана чет элдиктер үчүн чек араларына коюлган бардык чектөөлөрдү алды. Мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынганы белгиленди. Бирок көзөмөл өткөрүү пункттарында ПЧР тест же эмдөөдөн өткөнүн далилдеген документ милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл.

Ошол эле убакта, кошуна өлкө автобус менен жүргүнчүлөрдү ташууга азырынча уруксат бере элек. Учурда Кыргызстан Казакстан аркылуу коомдук транспорттор менен эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча тиешелүү жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр.