367

Казакстан Кыргызстандан электр энергия сатып алуудан баш тартты

1
Кыргызстандан Казакстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган. Бул тууралуу Кыргызстандын “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун сайтында кабарланды. Компания белгилегендей, быйыл Токтогул суу сактагычында ашыкча 1,5 млдр кВт/саат электр энергиясын өңдүрүүгө жеткидей суу топтолоору болжолдонгон.

Мындан улам “Электр станциялар” ишканасы Казакстан жана Өзбекстанга электр жарыгын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 16-июндан тарта 1 кВт саат электр энергиясы Өзбекстанга 2 центтен сатылып жатат. Бул макулдашуу ушул жылдын октябрь айына чейин созулат. Ага ылайык, кыргыз тарап коңшу өлкөгө 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт.

Бирок бул экспорттоо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн тийиштүү деңгээлде азайтууга жардам бере албайт. 12-июлдан тарта суунун ташып кетүү тобокелчилигинин жоюу үчүн Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринде сууну техникалык агызуу иштери жүрүп жатат. “Электр станциялары” ишканасы суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселесин быйыл февралда талкуулаган.