“Аккула” ат майданы бузулуп, жаңысы курулат (видео)

3901

Бишкектеги “Аккула” ат майданында кандайдыр бир майрамдык иш-чаралары өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Анткени имарат авариялык абалда болгондуктан адам өмүрүнө коркунуч туудурат деген корутунду чыгарылган.

Мындан улам, “Аккула” ипподромунун имаратын архитектуралык эстелик статусун жоготту деп таануу, сүрдүрүү чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу ат майдандын жаңысын долбоорлоо боюнча тендер жарыяланды. Бирок ал качан курулары белгисиз.