Бензиндин баасын эми өкмөт коебу? (видео)

1971

Нефтетрейдерлердин жакынкы күндөрү күйүүчү май дагы 10 сомго кымбаттайт деген билдирүүсүнөн кийин мамлекет бул товардын баасын көзөмөлгө алууну көздөөдө. Экономика жана коммерция министрлигинин коомдук талкууга койгон токтому боюнча дизель майынын, АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркын 3 ай бою өкмөт жөнгө салат.

Бул документ өлкөдө өзгөчө кырдаал режими учунда күчүндө болот экен. Сырттан ташылган товардын баасына мамлекет көзөмөл кыла алабы? Мындай шартта өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралбайбы?