Жол кире 15 сом болот (видео)

1704

Борбор калаадагы кичи бустардын айдоочулары кийинки аптага чейин «жол кире көтөрүлбөсө, дүйшөмбү күнү иш таштайбыз» деп коркутууга өтүштү. Калаа мэриясынын тийиштүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айрым айдоочулар жол акы 15 сомдон 20 сомго чейин болууга тийиш экенин айтып, талап коюшкан.

Шаар башкармалыгынын өкүлдөрү болсо, кыска убакытта аны орундата албастыгын айтканы менен бара-бара коомдук транспорт үчүн жол кире 2 сомго кымбатташы мүмкүн экенин кыйытышкан болчу. Бирок ансыз да пандемияга байланыштуу көпчүлүк кыйналып турганда жол акыны кымбаттатуу талабы шаардыктардын нааразычылыгын жаратпай койбойт.