Жол кирени көтөрүүгө кимдер кызыкдар? (видео)

1134

Бишкек шаарында жол кире акысын 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүү аракети көрүлүп жатабы? Буга чейин калаа бийлиги атайын токтом иштеп чыгып, аны шаардык депутаттар кабыл алганы жатканы тууралуу маалымат тараган. Бирок муну шаардык кеңештин төрагасы төгүндөдү.
Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясы тарифке байланыштуу жумушчу топко бардык сунуштарын берип жатышыптыр. Алар учурда мэриянын кароосунда экен. Ал арада бир катар жарандык активисттер азык-түлүктүн наркы күн санап көтөрүлүп жаткан чакта тарифтин жогорулашы өзгөчө калктын аярлуу катмарына олуттуу таасирин тийгизерин айтып чыгышууда.