420

“Кентавр” тасмасы Бельгиядагы кинофестивалда баш байгени жеңип алды

Арым Кубат
Кыргызстанда тартылган “Кентавр” тасмасы Бельгияда өткөн кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Маданий иш чара 18нен 30-апрелге чейин Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында болгон. Анын жыйынтыгында, режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “Канвас” сыйлыгын утуп алды. Бул байге фильмдин Бельгия, Нидерланд жана Люксембургда көрсөтүлүүсүнө жол ачат.