Тажикстандын жүк ташуучу уналаарын коштогон милиционерлер (видео)

6034

Баткенде Тажикстанга тиешелүү унааларды токтоткон жарандарга карата орой мамиле кылган милиция кызматкерлеринин ишине баа берилет. Маалыматты Баткен областтык милициясы таратты. Кечээ Баткен шаарында Тажикстанга таандык оор жүк ташуучу 3 унаа жергиликтүү тургундар тарабынан токтотулган.

Жашоочулар товар контрабанда жолу менен ташылып жатканын айтышып, аларды өткөрүүдөн баш тартышкан. Ошол учурда унааларды коштоп бараткан милиция кызматкерлери менен активисттер мушташып кете жаздаган. Бул окуя боюнча түшүндүрмө берген областтык милиция алардын дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.