Ош базарда иштегендер менен жетекчиликтин тиреши (видео)

9265

Ош базардагы «Берекет универсал» соода жайында эмгектенгендер менен жетекчилик тиреши барган сайын күчөп жатат. Сатуучулар соода жайдын ичине өз билемдик менен кароол коюп, учурда базардын ичине өз кожоюну дагы кире албай калган.

Эки тараптын тиреши 7 ай мурда эле башталган. Апрель айынын ортосунда соодагерлер жайма базарды бошотуп берип, анын ордуна жаңы комплекс курулмак. Бирок сатуучулар али күнгө чейин контейнерден курулган базардан чыкпай келишет.