Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялансын! Ордо калааны каптаган түтүнгө тынчсыздангандар ушундай талап менен кол чогултуп жатышат. Демилгечилер Бишкек жылуулук борборунун чыпкалоо системасы жана анда жагылган көмүрдүн сапаты текшерилсин деген талаптарды жазышкан.
Бирок «Электр станциялары» ишканасынан билдиришкендей, экологдордун талаптары негизсиз. Адистер маселе көмүрдүн эмес, унааларга куюлган күйүүчү майдын сапатында дешет. Өлкөгө аткезчилик жол менен ташылган бензин абаны булгап жатканы айтылууда.