НТС

Көчмө үкөк аркылуу добуш берүү учурунда эреже бузуулар катталды

Кечээ күнү ден-соолугуна байланыштуу шайлоо участокторуна бара албай турган жарандар үчүн добуш берүү жүргүзүлдү. Жалпысынан шайлоо тилкелеринен тышкары добуш бергендердин саны 23 миңге жеткен.

Бирок бул процесс учурунда бир катар эреже бузуулар болгонун көз карандысыз байкоочулар айтып чыгышты. Мисалы, Баткен областынын Сүлүктү шаарында шайлоочу бир тилкеге арыз жазса, башка участоктон добуш берген. Бишкек шаарындагы шайлоо участоктордун биринде болсо, алдын-ала арыз боюнча 38 бюллетень берилиши керек болсо, жыйынтыгында 50 бюллеттень чыккан.

Мындан тышкары, айрым пенсионерлерге 1 күн мурда үйдүн квартал башчысы келип, белгилүү бир гана талапкерге добуш берүүсүн сунуштаган. Бирок башка кандидатка салабыз деген жоопту уккандан кийин, квартал башчысы ал карыяларды добуш берүү укугунан ажыратып, имараттан тыш добуш бердирбей койгон.