Жамгырдын балдары деп аталган бөбөктөрдүн тагдыры (видео)

4094

Бүгүн аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү. Буга байланыштуу ордо калаада иштеген жападан жалгыз өнүгүү борбору ачык эшик күнүн өткөрдү. Ага каалоочулар келип, мекеменин иши менен таанышып, илдет тууралуу кеңири маалымат алып жатышты.

Учурда Кыргызстанда аутизмди так аныктоо мүмкүн эмес. Ушундан улам жыл өткөн сайын балдар арасында бул ооруга чалдыккандардын саны артууда. Бир жагынан ата-энелерде аутизим оорусу тууралуу маалымат аз. Мындан улам алар уул-кыздарынын ден-соолугун калыбына келтирүүдө кеч калып жатышат.