Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылабы? (видео)

4266

Айып пулдарды азайтуу боюнча документ иштелип чыгып, учурда өкмөттө каралууда. Ага премьер-министр кол койгондон кийин Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылышы күтүлүүдө. Ал арада бир катар адистер маселенин эки жагын тең бирдей карап чыгууну талап кылышууда.

Мисалы, мас абалында рулга отуруп адам өмүрүнө коркунуч жараткандардын тескерисинче айып пулун көбөйтүп, тиешелүү жазаны катаалдатуу зарыл. Ошондой эле, жакында Кытай компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке киргизгени жатканы маалым болду.