150 миң сом сүйүнчү ала турган алгачкы 3 эм (видео)

2701

150 миң сом сүйүнчү ала турган алгачкы 3 эм үйүнө чыгарылды. Ымыркайлар бир апта мурда операция жолу менен жарыкка келишкен. Дарыгерлер учурда эне жана балдардын абалдары туруктуу экендигин айтышты.

Белгилей кетсек, жакында эле өкмөт тарабынан 3 жана андан ашык төрөлгөн эгиздердин ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт деген токтом кабыл алынган. 1-декабрдан тарта күчүнө кирген документтен кийин жарык дүйнөгө келген 3 эмдин ар бири үчүн 50 миң сомдон берилет.