Улукбек Жолдошбеков көзүнөн алган жаракатына карабай атаандашын утуп алды

7523

Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков беттеш учурунда көзүнөн жаракат алган. Бул тууралуу спортчу Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн мелдештен кийин мекенине кайтып келгенде билдирди.

Улукбек Жолдошбеков бул жолку беттеш оор болгонун, ирандык балбан менен күрөшүп жатканда атаандашы колу менен көзүн чукуп алганын айтып берди. Бирок жаракатына карабай кийинки айлампага чыгып, каршылашын утуп алган.

Улукбек Жолдошбеков менен катар эле Нью-Дели шаарында 18-23-февралда өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 медаль багындырды. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана алтоо коло. Байгелүү орундарга ээ болгон биздин спортчуларды «Манас» эл аралык аба майданынан федерация өкүлдөрү жакындары жана журналисттер тосуп алды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.