Кыргызстан-Тажикстан: чечүүчү оюн (видео)

3332

Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Эки өлкөнүн оюнчулары ири мелдештин алдында алгачкы машыгууларын өткөрүштү. Кыргызстан менен Тажикстандын футболчуларынын беттешүүсү эки тарап үчүн тең маанилүү.

Анткени кошуна мамлекеттин командасы тайпадагы экинчи орун үчүн негизги атаандаш экени маалым. Учурда F тайпасында 12 упай топтогон Япония лидер болуп турат. Беттеште ким кандай жыйынтыкка жетиши мүмкүн? Бул тууралуу машыктыруучулар божомолдору менен бөлүштү.