Өрттөнгөн имаратка шаардык депутаттар көчүп барышат (видео)

3423

Башкы прокуратуранын он жыл мурда өрттөнгөн имаратына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көчүп бармай болушту. Ошондой эле, ал жакта мэриянын айрым түзүмдөрү да жайгашат. Курулуш иштери тендер аяктап, жеңүүчү табылгандан кийин башталат.

План боюнча имарат 7 кабаттуу болот жана 2 блоктон турат. Он жылдын ичинде Бишкекти жетектеген 4 мэр Башкы прокуратуранын имаратын оңдоо боюнча түрдүү долбоорлорду сунуштаганы менен алардын бири дагы жүзөгө ашкан эмес.