Кыргызстанда медициналык билим берүүнүн сапаты начарлады (видео)

2329

Жогорку окуу жайларга медициналык билим берүү үчүн лицензия берүү токтотулду. Мындай токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Чечим кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Өкмөт тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп, медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылып жаткандар көбөйүп кеткенин, бул өз кезегинде билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келди деп эсептейт. Маалыматтар боюнча, акыркы 5 жылда 10 университетке бул жаатта иштөөгө уруксат берилсе, дагы 5 мекеменин арызы кароодо жатат.