Пишпектин 1-старостасы Терентьевдин үйү калыбына келтирилеби? (видео)

3030

Бишкек шаарындагы тарыхый-маданий объектилердин катарына кирген мурдагы Пишпек шаарынын биринчи мэри Илья Тереньтевдин үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Маданият министрлиги учурда реконструкция боюнча долбоорун даярдап коюптур.

Ага жалпысынан 11 миллион сом чыгымдалып, аны каржылоону демөөчүлөр колго алышкан. Азырынча имарат оңдоп-түзөөдөн өтсө кандай багытта колдонулаары чечиле элек экен. Айрымдары турак-жайды музейге айлантуу керек дешсе, аны улуттук музыкалык аспаптардын борборуна айлантуу сунуштары да берилген.