Коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды (видео)

1709

Кыргызстандын аймактарында коменданттык саат киргизилген алгачкы түндө эреже бузган 320 адам кармалды. Алардын 193у Бишкектин, 25и Оштун, 10 киши — Жалал-Абад шаарынын тургундары. Калганы — Жалал-Абад областынын Сузак жана Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун жашоочулары. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жалпысынан тогуз унаа токтотулду. Алардын баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоосу эскертилип, коменданттык сааттын убактысы аяктары менен коё берилди. Өзгөчө абал режими киргизилген алгачкы түндө негизинен кандай тартип бузуулар болду?