Ош областында комендаттык сааттын эрежесин бузгандар азайды (видео)

1869

Бишкек шаарында кайгуул кызматынын иши дагы күчөтүлүп, кошумча 400 патрулдук кызматкер тартылды. Борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев санитардык-карантиндик эрежени бузгандарга карата катуу чара көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти.

Себеби Бишкекте коменданттык саат талабын бузгандар тыйылбай жатат. Ал эми Ош областында аталган эрежени бузгандар азайып, түндө 13 гана учур катталыптыр. Жалал-Абадда болсо, 12 адам кармалып, өздүгү такталгандан кийин коменданттык саат аяктаганда кое берилген.