НТС

Көмүр чыры: майыптар жана пенсионерлер эмнеге нараазы? (видео)

Бишкек шаарында пенсионерлер менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан бекер берилген көмүрдүн сапатына нааразы. Отун базасынын кызматкерлери, ансыз деле акысыз алып жатасынар деген жүйөө менен муктаж болгондорго эленген майда көмүрдү таратып жатышат дейт. Ал эми талон тараткан Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси отундун сапаты лабораториядан текшерилген соң гана берилээрин айтат.