НТС

Көмүргө бирдиктүү баа коюлганы менен, кымбат сатылууда (видео)

Көмүрдү белгиленген баадан кымбат саткандарга карата чаралар көрүлө баштайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Кеңешбай Тайлаков билдирди. Айтымында, учурда жер-жерлерде жумушчу топтор түзүлүп, көмүр кампа ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, 3-4 күн аралыгында кара отундун баасы бир калыпка келип, өкмөт бекиткен баада гана сатылышы керек.

Тиешелүү талап буга чейин коюлганы менен ал иш жүзүндө аткарылбай жатат. Мисалы, Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы 4500 сом деп белгиленген менен 5 миң сомдон жогору сатылууда. Соодагерлер мамлекет койгон баада сатууну каалабай кампаларын жаап койгон учурлар да кездешүүдө.