Боз үйлөргө сынак жарыяланды (видео)

2542

Кыргызстанда «Мыкты боз үйдү» аныктоо үчүн кароо-сынак жарыяланды. Ага ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен кооз боз үйлөрдү өз колу менен жасаган бардык чеберлер катыша алат. Алардын жаш курагы жана улуту боюнча чектөө коюлган эмес.

Катышууну каалагандар уюштуруу тобуна билдирмени 20-сентябрга чейин тапшыруусу зарыл. Бул сынакка темирден боз үй жасагандар катыша албайт. Акыркы убакта арзанына жана бат тигилишине карап, темирден куралган варианты кеңири жайылууда.