Дөөлөт Сыдыков 111 саат Манас айтты (видео)

1246

Беш күн, беш түн айтылса да, түгөнбөгөн Манас эпосу! Манасчы Дөөлөт Сыдыков  буга чейинки рекордун жаңылап, 100 сааттан ашык токтобой манас айтты. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара Москва шаарында уюштурулган.

Дөөлөт Сыдыковду мекендештери түз эфир аркылуу колдоп турушса, ал эми Россиядагы бир топ кыргызстандыктар жанына барып күбө болуп жатышты. Ал Манас баатырдын төрөлүшүнөн тарта, эр жетип кырк чоро чогулткан окуяларын 5 күн мурда айта баштаган.