Шайлоочуларга жакпаган депутаттар мандаттарын тапшырабы? (видео)

1529

Шайлоочуларынын купулуна толбогон депутаттардын мандаттары артка чакыртылып алынат. Мындай механизм Конституциялык кеңешме тарабынан киргизилип жатат. Бирок аны кайсы орган ишке ашыра турганы азырынча так айтыла элек. Аталган кенешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн кезектеги пленардык жыйынга чогулуп, анын жүрүшүндө бир катар беренелер боюнча талаш-тартыштар жаралды.

Өзгөчө жогорку кызматтарды ээлеген адамдарга Кыргызстандын чегинен тышкары жайгашкан чет өлкөлүк банктарда эсептерин ачууга, акча жана баалуулуктарды сактоого тыюу салган беренени талкуулоо акыйнек айтышуу менен коштолду.