Жан үрөп иштеген медиктер менен ыктыярчылар сүрөттөрдө (видео)

1481

Сүрөттө калган эскиздер жана сезимдер! Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев пандемия маалында жан үрөп иштеген медицина кызматкерлери менен ыктыярчылардын айрымдарын чыгармасына түшүрүп, ал эмгектерин эл алдына алып чыкты.

Учурда анын 10 сүрөтү Бишкектеги эмен сейил багында жайгашкан сүрөтчүлөрдүн көргөзмө залына коюлган. Анын көпчүлүгүндө былтыркы жылдын жай айларындагы коронавирус апааты күчөп турган маалдагы окуяларга басым жасалган. Айрым эмгектеринде сүрөтчү «Жашоо улана берет» деген үмүт каткан ойду айткысы келгенин да көрүүгө болот.