Таланты таш жарган залкарлар (видео)

1706

Залкарларды эскерүү. Бүгүн Кыргыз кинемотографиясына зор салым кошкон Болот Шамшиев менен таланттуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Таланттардын көзү тирүү болгондо 80 жашка чыгышмак.

Улуу режиссер Болот Шамшиевди эскерүү иш чарасы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, анда анын акыркы жазган китебинин бет ачаары болду. Ал эми Рыспай Абдыкадыровго арналган кече чакан концерт менен коштолду.