Эл каттоо электрондук түрдө жүргүзүлөт (видео)

2081

Быйыл жарандарды каттоо электрондук түрдө жүргүзүлөт. Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлө турган жараян жазында башталып, ал 2 этап менен өткөрүлөт. Бул үчүн учурда 27 миңдей адамды убактылуу жумушка кабыл алуу жүрүүдө.

Алар 25-мартка чейин окуудан өткөрүлүп, андан соң жер-жерлерде адамдардын санын каттоого алуу максатында жөнөтүлөт. Ошондой эле ишке алынуучулардын смартфону же планшети болууга тийиш. Себеби каттоо 5 формадагы суроолордон туруп, анын бардыгы электрондук түрдө дароо статистика комитетинин порталына жүктөлөт.