НТС

«Коопсуз шаар» боюнча соттун чечими чыкты (видео)

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча мекемелер аралык көз карандысыз комиссия Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку соттук инстанцияга доо арыз менен кайрылат. Бул тууралуу комиссия мүчөлөрү маалымат жыйынында билдиришти. Алар судья ишти бир сааттын ичинде карап, комиссия мүчөлөрүнө сөз бербей туруп, чечим чыгарып салганына нааразы.

Эске салсак, мекемелер аралык комиссия «Коопсуз шаар» боюнча өткөн акыркы тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Бул чечимге макул эместигин билдирип, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети сотко кайрылган болчу. Сот ал арызды канааттандырып, ал эми мекеменин өкүлдөрү комиссия мүчөлөрүн «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамды бузган деп айыпташкан.