Бишкектеги кинотеатрлар кайра ачылбай турган болду (видео)

1949

Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор кайра ачылбай турган болуп калды. Тиешелүү чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабыл алган. Эске салсак, буга чейин бир катар маалымат булактарында кинотеатрлардын иши бүгүнтөн тарта жандана турганы жазылган болчу.

Андыктан калаадагы айрым кинотеатрлар даярданып, көрүүчүлөрдү тосуп алуу үчүн санитардык шарттарын түзүп коюшуптур. Бирок штабдын билдирүүсүнө караганда, кээ бир кинотеатрлар талаптарды аткаруудан баш тартып жатышыптыр.