Телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүн утурлай (видео)

2149

8-декабрь Кыргызстанда телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү. 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, так ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Учурда өлкөдө элүүдөн ашык телеканал бар. Анын онго жакыны мамлекеттик. Калганы жеке телеканалдар.

Кыргызстанда «телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө» мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, андан бери 3 жолу өзгөртүлүп, толуктоолор киргизилип турган. Мыйзам улуттук программалардын сапатын жогорулатууга жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Тагыраагы, обого чыккан көрсөтүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси кыргыз тилинде болушу керек. Бирок бул мыйзамды көбү аткарбай келишет.

Маданият министрлиги жаңы жылдан тарта телеканалдарга берилген жеңилдетилген мөөнөт аяктаарын эскертти. Бул мыйзамды карманып жана көрүүчүлөргө ар тараптуу маалымат жеткирип, кызыктуу берүүлөрдү даярдаганга аракет кылган телеканалдардын бири — НТС.