Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды

1629

Кыргызстанда коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады. Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 107 кишиге жетти.

«Катталган 13 жаңы учурдун ичинен — Бишкек шаарында -1, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 2, Чүй облусунда — 1, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1 адам бар», — дейт ал.

Мамбетов кошумчалагандай, коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.