Коронавируска кабылгандардын саны 58ге жетти (видео)

3614

Өлкөдө жаңы 14 учур катталганы маалым болду. Алардын ичинен жетөө Жалал-Абад областынын Сузак районунун тургундары. Калгандары — Ош областынын Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунун жашоочулары. Бироо — Ош шаарынан экен.

Илдетке кабылгандардын ичинен бешөө — умрага барып келгендер. Башкалары коронавирус менен ооругандар менен байланышта болгон. Учурда вирус жугузуп алган бейтаптардын баарынын абалы туруктуу. Ал эми буга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 адамдын бешөөнүн абалы жакшырып, палатага которулганы белгилүү болду.