Бишкектеги жаңы инфекциялык оорукана качан ишке берилет? (видео)

5585

Бишкектеги жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады. Тез салынуучу жеңил конструкциядан куралып жаткан медициналык жай август айында эле ишке берилиши керек болчу. Бирок мөөнөтүндө бүткөрүүгө жетишпей калышкан.

Эми өкмөт жаңы инфекциялык оорукана ушул айдын аягында ачылат деп убадалоодо. Анын ичи 36 палатадан туруп, 100 бейтапка ылайыкталган. Бул оорукана бери дегенде 50 жыл иштеп берет, деп курулуш жана турак жай-комунналдык агенттигинин жетекчилиги ишендирүүдө.