Кыргызстан Кытайга карыздан сырткары дагы акча төлөйбү? (видео)

2045

Кыргызстан карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Азырынча тараптар бир пикирге келе элек. Кыргызстан бересенин төлөө мөөнөтүн 4 жылга жылдырууну сунуштаган. Буга Кытай тарап каршы эмес, бирок мындай пролонгация үчүн карызга алынган акчага дагы 2 пайыздык үстөк кошулат деген шарт койгон. Бул сумма — 3 миллиард сомго чукулдайт.

Мындай сунушка Кыргызстан макул эмес, дейт финансы министрлигинин өкүлү. Учурда Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 миллиард 800 миллион долларга жакын. Тышкы карызды төлөөнүн башка жолдору табылып жатабы?