НТС

Коронавируска каршы кандай чаралар колдонулууда? (видео)

Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус илдети күчөп турган өлкөлөргө иш сапарларына барууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү тапшырманы өкмөт жетекчиси өзү берген. Ага ылайык, сапарлар мамлекеттик маанилүү иштерге гана тиешелүү болуп жана ал жакта эпидемиологиялык абал дурус болсо гана ишке ашышы мүмкүн.

Буга чейин эл көп чогулган мамлекеттик иш-чараларга чектөө киргизилип, жеке жактарга жана бизнес чөйрөсүнө тиешелүү талапка баш ийүү өтүнүчү келтирилген. Ал арада той-топурлар азайганы байкалганы айтылса, айрым иш-чаралар уланууда.