Сузакта кордук көргөн аял тосмо арыз жазып берип, күйөөсүн кечиргенин билдиди

11642

Сузакта күйөөсү тарабынан кордолгон аял тосмо арыз жазып берип, күйөөсүнө эч кандай доо-арызы жок экендигин билдирди. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркаган аял күйөөсүн кечиргендигин билдирген.

8-июнда Сузак районунун 51 жаштагы тургуну үйүндө 47 жаштагы аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. 11-июнь күнү аялы милицияга арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү күйөөсү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган. Бирок тосмо разын жазылганынан карабастан тергөө иштери уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.