Садыр Жапаров: Шайлоолор 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөт

2308

Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана парламентти кайра шайлоо жараяндары келерки жылдын март айына чейин өткөрүлүп бүтөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып: «Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат», — деди.

Ошону менен катар ал эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келген иштер сөзсүз жүзөгө ашырыларын билдирди. «Сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуу болбосо (катуу бут тосуу болуп жатат) Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!», деди Жапаров.

21-октябрда БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгиледи. 22-октябрда Жапаров президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруп, Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.