Көпкө созулган тыныгуудан кийин кагылган алгачкы коңгуроо (видео)

1712

Көп убакытка созулган тыныгуудан кийин өлкөнүн мектептери шаңга бөлөнүп, билим уялары бардык окуучулар үчүн эшигин ачты. Балдар-кыздар билим күнүн бул жолу 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда белгилешти. Кыргызстан боюнча 159 миңге жакын окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттады.

Орто окуу жайлар менен кошо университеттер дагы салттуу билим берүүгө өттү. Ал эми Бишкектеги бала бакчалар эмнегедир 20-сентябрдан тарта гана ачылмай болду. Ага чейин жогорку курактагы жана мектепке даярдоочу тайпаларга киргендер үчүн гана барууга уруксат берилет.