Ош шаарында кыз ала качууга шектелген 3 адам кармалды

4342

Эске салсак, Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин алдынан 21 жаштагы кызды унаага күчтөп салып кеткени тууралуу маалымат шаардык милицияга түшкөн.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кызды мажбурлап никеге тургузуу максатында ала качып кетишкени аныкталган. Учурда кармалгандарга карата «адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Кыз Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде студент, ал эми аны ала качкандар кыздын айылдаштары экени аныкталган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак, Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын бири болуп эсептелип, мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.