Бишкектеги атышуу боюнча ИИМ маалымат берди (видео)

3367

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү атышып, 2 кишиге ок тийди. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда 1,5 жылдан бери пикир келишпестик болуп келген.

Баары тең Жалал-Абад областынын Токтогул районунун тургундары жана алардын тирешүүсү Токтогулдагы майлуу делген жерге таасир талашуудан улам келип чыккан. Учурда ок жегендердин биринин абалы өтө оор деп бааланып, кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми ок чыгарган делген шектүүлөр кармалып, кылмыш иши козголду.