Бишкектеги үйлөрдүн биринен баңгизат жасаган лаборатория табылды

1846

Бишкек шаарында жашыруун нарколаборатория табылды. Ал ордо калаанын Алтымышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде уюштурулган. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

21-январда криминалдык милиция кызматынын жана тергөөчүлөрдүн атайын тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган үйдө канабис өстүрүлгөнү аныкталган. Ошол замат бардык алынган заттар таңгакталып, таразага тартылып, жалпы салмагы 438 килограммды түздү.

Табылган заттар тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн Ички иштер министрлигинин борборуна жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Азыркы тапта, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.