НТС

Коррупцияга каршы күрөштөн чогулган акчанын 30% Башкы прокуратурага бөлүндү

Коррупцияга каршы күрөштөн атайын эсепке чогулган каражаттын 30 пайызы башкы прокуратурага бөлүндү. Мындай чечим өкмөттө кабыл алынган.

Прокуратура органдарына бөлүнгөн 100 миллион сомдун 91 миллиону кызматкерлерге турак-жай салууга сарпталмай болгон.

Алсак, Нарын областында иштеген прокурорлорго үй курууга 44 миллион, Баткенге 42 миллион, Талас менен Жалал-Абад областтарына 2 миллион сомдон бөлүнгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.