Камчыбек Ташиев: “ОПГнын башын жулабыз” (видео)

2828

Өлкөдө көмүргө болгон баа качан жөнгө салынат белгисиз бойдон калууда. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында кара отундун 1 тоннасы 5000 сомдон сатылууда. Кээ бир аймактарда мындан дагы кымбат.

Көмүрдүн наркын көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген Монопологияга каршы жөнгө салуу агенттиги бул боюнча иштей турган жумушчу комиссияны түзө да элек. Жер-жерлерде көмүрдүн туруктуу баасы канча убакытта аныкталат белгисиз. Бирок кара отундун наркын өз билемдик менен көтөрүп алгандарга чара көрүлөрү эскертилүүдө.