НТС

Көзү көрбөсө да, эл аралап ырдап, 4 баласын баккан эне (видео)

30 жаштагы Айжан Иманалиева 4 баласын эч нерседен кем кылбай багып келет. Жаш кезинде эле жесир калган келиндин эки көзү тең көрбөйт.

Буга карабастан күн алыс базарга чыгып, аз да болсо акча таап, үй-бүлөсүн багат. Жалгыз бой эне майыптардан турган топ түзүп, сахнага чыгууну кыялданат. Бирок азырынча ага демөөрчү табылбай жатканын айтууда.