Финансы полициясы чуулгандуу иштерди иликтөөгө киришти (видео)

1800

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан ырасташты. Бирок Абылгазиев менен Жумалиевге азырынча эч кандай айып тагыла элек. Алар кайсы иш боюнча фигурант же күбө катары өтүп жатканы дагы ачыкталган жок.

Эскерте кетсек, жазында карантин маалында азыр Финполицияга жетекчи болуп келген Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиев байлыкты мамлекеттин эсебинен топтогон деп айыптаган эле. Эл өкүлү муну четке кагып, сотко кайрылып Жапыкеевди утуп дагы алган болчу. Ал эми мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге тергөөчүлөрдүн кайсы иш боюнча суроосу болушу мүмкүн, азырынча белгисиз. Бирок жыштык боюнча жаңжал жана пандемияга даярдык көрүлбөгөнү көпчүлүктүн эсинде.